4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарабыз!

This petition had 157 supporters

The Issue

Урматтуу жердештер,

Биз – Кыргызстандын атуулдары – кечээ, 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын таануудан кескин түрдө баш тартабыз жана жеңишке ээ болгон партиялардын парламенттен орун алуусуна, өлкөдө саясат жүргүзүүсүнө жана биздин келечегибизди аныктоосуна жалпы каршы турабыз! Өлкөнүн бардык жарандарын жана Кыргызстан менен мамиледе турган өлкөлөрдүн бул шайлоонун жыйынтыктарын четке кагуусун жана жокко чыгаруусун өтүнөбүз. Анткени бул шайлоо административдик ресурстардын, коркутуу-үркүтүүлөрдүн жана булганыч махинациялардын натыйжасында ишке ашты.

Биз Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековго, Конституциялык Жогорку Сотко жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук коммиссиясына төмөнкү талаптарды коёбуз:

1. Биз парламенттик шайлоонун кайталанышын талап кылабыз.

2. Ал ачык жана адилеттүү шайлоо болсун.

3. Парламенттик кайра шайлоо эл-аралык уюмдарынын, бейтарап байкоочулардын жана журналисттердин көзөмөлүндө ишке ашсын.

Биз мекенибиздин эртеңи үчүн эч кандай компромиске барбайбыз, биз үчүн эл-аралык стандартка туура келген ачык шайлоодон башка жол жок!

The Decision Makers

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Центральная комиссия по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики
Центральная комиссия по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики

Petition Updates