Петиция закрыта

Снять реалити-шоу "Келин" с эфира КТРК «Келин» шоусун КТРКнын эфиринен алып салуу

Эта петиция собрала 945 подписантов


ОБРАЩЕНИЕ

4 февраля 2017 года Общественная Телерадиовещательная корпорация Кыргызской Республики  (КТРК) в 19.40 выпустила в эфир первый, отборочный этап нового телевизионного проекта реалити-шоу "Келин", подготовленного командой независимого производителя. По словам авторов, “шоу призвано повысить знания девушек о семейных обязанностях, которые они в основном представляют лишь "по страничке в Instagram". Девушкам предстоит нелегкое состязание — им необходимо пройти несколько этапов. На первом они поборются в умении готовить плов, боорсоки, замешивать тесто для выпечки и покажут навыки разжигания костра. На дальнейших этапах девушки продемонстрируют, насколько они хороши в работе по огороду и уходе за садом.”

Мы, инициативная группа телезрителей, объединяющая женщин и мужчин разного возраста и профессий, считаем, что новый телевизионный проект, размещенный в эфире главного вещательного канала страны КТРК противоречит как принципам развития государства, гарантирующих равноправия для женщин и мужчин во всех сферах жизни, так и ценностям и принципам редакционной политики общественного телерадиовещания. Мы хотим напомнить, что, разместив в своем эфире телепроект реалити-шоу «Келин», КТРК нарушило такие основные принципы общественного вещания и редакционной политики как общественный интерес и ответственность перед аудиторией. Кроме этого, согласно п.10 Редакционной политики, на КТРК не допускаются: 1) материалы, которые могут задеть национальные, патриотические и религиозные чувства и ценности граждан Кыргызской Республики; 2) культивирование эротики, насилия и жестокости; 3) неуважительное отношение к участникам передач и зрителям. 

Мы считаем, что данный телевизионный проект направлен на распространение архаичных  взглядов в отношении женщин, согласно которым место  женщины ограничивается кухней и огородом, а главным критерием ее успешности является угождение свекрови и мужу. 

В основных программах развития страны, таких как Национальная стратегия устойчивого развития Кыргызской Республике, Стратегия и Национальный план по достижению гендерного равенства уделяется много внимания продвижению образовательных задач для молодежи, развитию экономической активности девушек и юношей, которые должны стать социально активными гражданами своей страны, способными создавать национальное богатство Кыргызстана. В 2015 году в обращении к участникам Национального Форума Женщин Президент Алмазбек Атамбаев говорил, что необходимо добиваться того, чтобы закрепленные в законах и государственных программах меры обеспечивали реальное равенство прав и возможностей женщин и мужчин. А в 2016 году Жогорку Кенеш Кыргызской Республики принял закон, направленный на введение запрета проведения религиозных обрядов освящения браков в отношении несовершеннолетних. В настоящее время прошел второе чтение закон «Об охране и защите от насилия в семье». Данные государственные инициативы нацелены на снижение насилия и дискриминации в отношении женщин.

В противовес этому на главном канале страны КТРК, финансируемом государством, стартовало реалити-шоу «Келин», которое открыто пропагандирует и закрепляет в общественном сознании населения стереотипные установки о роли женщины в семье и обществе,  о взаимоотношениях, построенных на унижении и подавлении, бесправности одного из членов семьи. Данное шоу не является ни образовательным, ни развлекательным контентом для телезрителей, никак не может называться продуктом общественного телевидения, так как оно романтизирует насилие над невестками, насаждает "иждивенческую" ментальность и прикрывает все это "традициями" кыргызского народа. Шоу “Келин” показывает, что самым главным, чему должна научиться женщина до замужества  - это уметь доить корову и угождать строптивой свекрови. Шоу искажает суть уважительных взаимоотношений в семье, искажает мотивацию молодых женщин, желающих создать семью. Шоу показывает, что для того, чтобы стать успешной не требуется учиться или получать профессию. В то же самое время, образ свекрови показан в качестве капризной властной женщины, которая настроена на критику и подавление, нетерпящей другого мнения. Данный информационный посыл поддерживает положение молодых женщин, которые и сегодня не имеют права голоса в семье.

Кыргызстан занимает 1 место по случаям материнской смертности в странах Центральной Азии и Восточной Европы - 38 случаев на 100 тысяч детей, родившихся живыми. Медико-демографическое исследование, проведенное Национальным Статистическим Комитетом КР, установило, что одной из причин осложнений во время беременности и родов, является отсутствие возможности у молодых женщин посещать врача и покупать необходимые лекарства. Практика показывает, что по причине отсутствия образования, профессии и средств, невестки попадают в тотальную зависимость, переходящую в насилие над женщинами.  За 2015 год 10469 женщин обратились в соответствующие органы за помощью по проблемам насилия, и это только официальный цифры, предоставленные Национальным Статистическим Комитетом КР. Муж и свекровь считают, что  имеют право «воспитывать» келин любыми средствами. Вследствие давления общества, не оформившегося ребенка толкают на “исполнение обязанностей”, и “указывают ей место”, не находя поддержки, девочки вынуждены выходить замуж и готовиться к родам в раннем возрасте, что приводит к печальным последствиям.

Учитывая, что КТРК должно выполнять свою миссию в интересах общества и граждан в соответствии с законодательством Кыргызской Республики, в том числе Конституции Кыргызской Республики, закона «Об Общественной телерадиовещательной корпорации Кыргызской Республики», а также придерживаться самых высоких редакционных и этических стандартов при предоставлении информации, программ и услуг своей аудитории, мы призываем Наблюдательный совет КТРК руководство канала:

●      снять реалити-шоу «Келин» с эфира;

●      рекомендуем создать четкий механизм предварительного отбора и тестирования новых программ, какого бы формата и тематики они не были, для их прямого соответствия целям, задачам и миссии КТРК;

●      расширить количество программ, которые пропагандируют и продвигают общечеловеческие ценности, традиции нашего народа, которые не ущемляют, а наоборот, демонстрируют такую модель взаимоотношений в обществе, в семье, где женщины и мужчины в первую очередь - люди, с равными правами и возможностями, такие модели семей, которые успешны за счет сплоченности, взаимоуважения, поддержки;

●      пересмотреть работу Наблюдательного Совета КТРК, в части ответственности перед аудиторией и связей с общественностью (ст. 9, 10 Редакционной политики КТРК).

 

Не забудьте после подписи петиции, нажать на вкладки "Опубликовать в Фейсбуке" и "Разослать друзьям". Спасибо!

Кайрылуу

Үстүбүздөгү жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) саат 19.40та көз карандысыз даярдоочу тобу тарабынан даярдалган жаңы «Келин» реалити-шоу теле долбоорунун биринчи чыгарылышын (тандоо турун) эфирге алып чыккан. Авторлордун айтуусунда, «азыркы кыздар үй-бүлөлүк милдеттер жөнүндө Instagram баракчасынан гана билишет, ошолордун үй-бүлөлүк милдеттери тууралуу билимин жогорулатуу максатында иштелип чыккан шоу. Кыздар оор сынак алдында турушат – алар бир нече этаптан өтүшү керек. Биринчи этапта алар палоо басып, камыр жууруп, боорсок бышыруу боюнча ат салышышат, от жагуу  жөндөмдөрүн  көрсөтүшөт. Кийинки этаптарда кыздар бакча (огород) иштетүү, ага кандай кам көрүү боюнча жөндөмдөрүн тартуулашат».   

Биз, ар кандай жаш курактагы жана түрдүү кесиптеги аял-эркектерден турган көрүүчүлөрдүн демилгелүү тобубуз: өлкөбүздүн негизги телеберүү каналынын эфиринде чыккан «Келин» жаңы телекөрсөтүүсү аял-эркектердин бардык чөйрөлөрдөгү теӊ укуктарына кепилдик берген мамлекеттин өнүгүү принциптерине каршы келет деп эсептейбиз, жана ошондой эле КТРКнын коомдук кызыкчылыкты көздөө жана аудитория алдындагы жоопкерчилиги тууралуу принциптерине жана анын редакторлук саясатынын негизги принциптерине карама каршы келет деп эсептейбиз. КТРКнын редакторлук саясатынын 10-пунктуна ылайык төмөндөгүлөргө жол берүүгө болбойт:  1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук, мекенчилдик жана диний сезимдерине жана баалуулуктарына шек келтирген материалдарга; 2) эротика, зордук-зомбулук жана катаалдыкты жайылтууга; 3) телеберүүлөрдүн катышуучуларына жана көрүүчүлөргө карата сый-урматсыздыкка жол берилбейт.

Биз, ушул теле долбоорду аял кишинин орду ашкана менен огород иштетүү жана ийгиликтуулугунун негизги белгиси кайнене менен күйөөсүнө жагынуу менен гана чектелет деген архаикалык, эски көз караштарды жайылтууга багытталган деп эсептейбиз.

Туруктуу өнүгүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиясы,  Гендердик теӊ укуктуулукка жетишүү боюнча Улуттук Стратегия жана Улуттук План сыяктуу өлкөнү өнүктүрүүдөгү негизги программаларында жаштардын билимин жогорулатуусуна, алардын улуттун байлыгын түзө ала тургандай экономикалык активдүүлүгүн  өнүктүрүүгө басып жасалып, тереӊ маани берилет. 2015-жылы Аялдардын улуттук форумунда Президент Алмазбек Атамбаев катышуучуларга кайрылып, мыйзамдар менен мамлекеттик программаларда көрүлгөн чаралар аялдар менен эркектердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн реалдуу түрдө бирдей камсыз кылуу зарыл экенин белгилеген. Ал эми 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши жашы жете электердин никеге туруу, нике кыйуу диний ырым-жырымын өткөрүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алган. Азыркы учурда «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамы экинчи окуудан кабыл алынды. Бул мамлекеттик демилгелери аялдарга карата зордук-зомбулукту жана басмырлоону азайтууга багытталган.

Буга каршы мамлекет тарабынан каржыланган КТРКнын башкы каналында аялдардын үй-бүлөдөгү жана коомдогу орду тууралуу стереотиптик аӊ-сезимди жайылткан, үй-бүлөнүн бир мүчөсүн басынтуу, кордоо, анын укуктарын тепселөө менен түзүлгөн мамилелерди ачык үгүттөп, калктын коомдук аӊ-сезиминде бекитип жаткан «Келин» реалити-шоусу башталган. Бул шоу телекөрүүчүлөр үчүн билим берүүчү да, оюн-зоок да мазмуну жок, коомдук телекөрсөтүүнүн продуктусу катары эч эсептелбейт. Себеби бул шоу кыргыз кыз-келиндерине карата зордук-зомбулукту, көз карандылык түшүнүктү кооздоп көрсөтүп, жана мунун баарын кыргыз элинин улуттук каада-салттарына байланыштырып, аларга шылтап жатышат. «Келин» шоусу кыздардын турмушка чыкканга чейин уй саап, кайненеге жагынуу баарынан маанилүү экенин көрсөтүп турат. Шоу үй-бүлөдөгү урмат-сыйга негизделген мамилелердин маанисин бурмалайт, жаш кыздардын турмушка чыгып, үй-бүлө курууга болгон шыктануусун бурмалайт. Шоу кыздардын ийгиликтүү болуу үчүн окуп жана кесип алууга умтулуу керек эмес экенин көрсөтүп турат. Ошол эле учурда, кайнененин образы бир гана сын айтып, басынтып турган, өзүнүкүнөн башка пикирге эч көнбөгөн абдан кежир, өкүмчүл аял болуп көрсөтүлөт. Мындай билдирүү бүгүнкү күндө үй-бүлөдө эч кандай укуктарга ээ эмес жаш аялдын абалын  колдойт.

Кыргызстан Борбор Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн арасында энелердин өлүмүнүн боюнча 1-орунда турат – тирүү төрөгөн 100 мин төрөттөн 38и учур катталган. КРнын Улуттук статистика комитети тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө боюнча кош бойлуулук жана төрөт учурундагы кыйынчылыктардын себептеринин бири болуп кош бойлуулардын учурунда доктурга барып, керектүү дары-дармек сатып алууга жаш аялдардын мүмкүнчүлүгүн жок экени аныкталган. Тажрыйба көрсөткөндөй, билими, кесиби жана каражаты жок келиндер толугу менен көз карандылыкка түшүп, кийин зордук-зомбулукка кабылып жатышат. 2015-жыл ичинде 10 469 аял зомбулук проблемалары боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга жардам сурап кайрылышкан, жана бул цифра Улуттук статистика комитети тарабынан расмий катталганы гана. Күйөө менен кайын эне келинди ар кандай жолдор менен «тарбиялоого» укуктары бар деп эсептешет. Коомчулуктун кысымынан улам, калыптана элек кыз балага «өз ордун көрсөтүшүп», аны «милдеттерин аткарууга» түртүшөт. Ал эми үйүндө колдоо таппаган кыздар эрте турмуш куруп, эрте  төрөткө даярданууга аргасыз болуусу кайгылуу кесепеттерге алып келүүдө.

КТРК өз миссиясын коомдун жана жарандарынын кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде Конституциясына, «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» мыйзамына ылайык аткарууга, ошондой эле маалымат менен камсыз кылууда эӊ жогорку редакциялык жана этикалык стандарттарды карманууга милдеттүү экенин эске алып, биз, КТРКнын Байкоочу  Кеӊешин жана жетекчилигин төмөндөгү талаптарды аткарууга чакырабыз:

·      «Келин» реалити шоусун эфирден алып салууга;

·      кандай гана формат жана тематикада болбосун жаңы программаларды тандоодо жана тестирлөөдө алардын КТРКнын түздөн-түз  максаттарына, миссиясына  шайкеш келүүсү үчүн так жана ачык-айкын механизмин түзүүнү сунуш кылабыз;

·      жалпы адамзаттык баалуулуктарды жана биздин элдин каада-салттарын жайылткан жана алардагы,  аял менен эркектин   биринчи кезекте адам экендигин жана бирдей укуктарга, мүмкүнчүлүктөргө  ээ экендигин көрсөткөн, биримдик, өз ара сый-урмат, бирин-бири колдоонун эсебинен ийгиликтүү үй-бүлөлөрдүн  моделин, коомдогу мамилелердин үлгүсүн көрсөткон программалардын санын кеңейтүү;

·      КТРКнын Байкоочу Кенешинин ишин карап чыгуу, анын ичинде, аудиториянын алдындагы жоопкерчилик жана коомдук байланыштар (КТРКнын Редакциялык саясаты,  9, 10 б.) бөлүгүн кайра карап чыгууну. 

 

Өтүнүч!  Кол койгондон кийин «Facebookта бөлүшүү» жана «Досторго жөнөтүү» баскычтарын басып коюуну унутпаӊыздар. Рахмат!

 

 

 

 



Cегодня Инициативная Группа против показа шоу “Келин” на КТРК рассчитывает на вас

Инициативная Группа против показа шоу “Келин” на КТРК нуждается в вашей поддержке петиции «snyat_show_kelinka_s_efira_ktrk». Инициативная Группа против показа шоу “Келин” на КТРК и 944 участника этой кампании рассчитывают на вас сегодня.