Таш-Дөбө айылына каттаган автобустун каттамын ыңгайлаштыруу.

Проблема
"Советский" көчөсү менен автобус жүргүзүү боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине кайрылуу.
2023-жылдын, 18-декабрынан бери шаардын борбору аркылуу маршруттук микро автобустарга жүрүүгө тыюу салынган. Мына ошондон бери Арашан айыл аймагына караштуу Таш-Дөбө айылына каттаган 265-295-маршруттар Бах көчөсү аркылуу Ош базарына катташууда. Анын ордуна 11-автобусту жүргүзүштү. Ал автобус дагы микроавтобустар менен параллель Бах көчөсү аркылуу кош жарышып жүрүп, политехтен Чыңгыз Айтматов проспекти менен борборго түшүп шаарды аралап кайра, Улан кичирайонуна барып Ахунбаев көчөсү аркылуу айылга кайтууда. Автобустун бул маршруту жергиликтүү тургундар үчүн өтө ыңгайсыз болууда. Мурда микроавтобустар 265-Чыңгыз Айматов менен түшчү, ал эми 295-маршрут Байтик баатыр көчүсү аркылуу жүрчү. Учурда жергиликтүү коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүнүн 70-80 пайызы Чоң-Арык айылынан кайра башка коомдук транспортко отурууга (пересадка) аргасыз болууда. Мындай көрүнүш элдин капчыгына сокку уруп элдин жашоо деңгээлин төмөндөтүгө алып келүү менен ортодо нараазычылыктарды жаратууда. Ошондуктан Уланбек Бекежанович сизге жергиликтүү элдин атынан кайрылуудамын. Бизге ыңгайлуу маршрут түзүп берүүңүздү суранабыз. Сунушубуз төмөндөгүчө:
1. 11-автобусту Орто-Сай айылы аркылуу мурдагыдай Байтик баатыр көчөсү менен төмөн түшүрүп, кайра Тынчтык, Манас, Чыңгыз Айтматов проспектиси аркылуу айылга кайтаруу.
2. Же болбосо 56-автобустун маршруттук каттамын Таш-Дөбө айылына чейин улантуу.
3. 265-295-маршруттарга милдеттүү түрдө GPS койдуруу. Менин шаарым тиркемеси аркылуу алардын жүрүм-турумун байкап туруу үчүн.
Президентибиздин “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” жарлыгы менен Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 765 токтому менен бекитилген 2025–2030-жылдарга туризмди туруктуу өнүктүрүү программасынын алкагында, Арашан айыл аймагынын жергиликтүү тургундарынын жогоруудагы 3 талабын канаттандырып бересиз, деп ишенебиз. Учурда «Заречное» айылында 1000дей тургун жашайт, аттын кашкасындай белгилүү Сүймөнкул Чокморовдун айылы Чоң-Ташта 1000дей тургун жашайт. Белгилүү балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын айылы Таш-Дөбөдө 10 миңден ашык тургун жашайт. Айылда жайгашкан курортологияга күнүгө 500дөй адам келип турса, Ата-Бейит, Форель жана башка эс алуу жайларга андан көп адамдар каттап турушат. Мындан тышкары коомдук транспорт менен каттаган 1000ден ашык индус-пактар айылда жатып окуйт. Айтор, Арашан айыл аймагы туризм жаатында тез өнүгүп жана келгиндердин (квартиранттардын)саны күндөн-күнгө өсүп жаткандыгына байланыштуу, бул аймакка каттаган коомдук транспортторду да талапка жараша жүргүзүү абзел. Шаар жакын болгондуктан айылдын тургундарынын көпчүлүгү шаарга жумушка, окууга жана башка күнүмдүк иштерин бүтүрүү үчүн коомдук транспортту колдонот. Мурда бир күндө окууга, жумушка 50 сом менен барып келсе, учурда 120 сомго чейин чыгып кетүүдө жана «пересадка» кылуу менен убакыт уттуруп, кечигип да калышууда. Биз мындай ыңгайсыздыктарды жоюшубуз керек. Лебединовка биздин айылдын борбору болгондуктан ал жака чейин түз каттаган маршрут керек. Кары-картаң, пенсионелерге шарт түзүп беришибиз абзел.
Урматтуу жергиликтүү тургандар бул маселе боюнча жергиликтүү кеңештин депутат Азизбеков Улукбек менен байланышып автобусту "советский" көчөсү менен жүргүзүүгө макулмун, деп кол коюп кетиңиз. Көп түкүрсө көл болот, көпчүлүктүн каалоосу жоктой эле мамиле болууда. Ошондуктан жапа-тырмак чечели. 0705189885
20

Адресаты петиции
Петиция создана 31 июля 2025 г.