ӨКҮМ ЖАЛГЫЗ КӨРСӨТМӨГӨ ЭМЕС, ДАЛИЛДЕРДИН ЖЫЙЫНДЫСЫНА НЕГИЗДЕЛСИН!
Проблема
Биз, төмөндө кол койгон Кыргыз Республикасынын жарандары, кылмыш иштерин тергөөдө жана сотто кароодо күнөөсүздүк презумпциясынын, далилдерди ар тараптуу текшерүүнүн жана адилет сот өндүрүшүнүн талаптарын камсыз кылууну талап кылабыз.
Жабырлануучунун, күбөнүн же айыпталуучунун көрсөтмөсү мыйзам боюнча далилдердин бири болуп саналат. Бирок текшерилбеген, карама-каршылыктары жоюлбаган жана иштин башка объективдүү жагдайлары менен ырасталбаган жалгыз көрсөтмө адамды камакка алуунун жана айыптоо өкүмүн чыгаруунун автоматтык негизи болбоого тийиш.
Практикада тергөө органдары айыптоочу көрсөтмөгө артыкчылык берип, айыпталуучуну актаган жагдайларды толук текшербей калган учурлар кездешүүдө. Телефондук кат алышуулар, аудио-видеолор, геолокация, медициналык жана биологиялык экспертизалар, ДНК, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана башка маалыматтар өз убагында алынбай же аларга толук укуктук баа берилбей калууда.
Кыйноо, уруп-сабоо, коркутуу жана психологиялык басым аркылуу күнөөнү мойнуна алдыруу өзгөчө коркунучтуу. Мындай жол менен алынган көрсөтмө далил катары пайдаланылбашы, ал эми кыйноо жөнүндө ар бир билдирүү көз карандысыз жана натыйжалуу иликтениши керек.
Биз чыныгы кылмышкерлерди жоопкерчиликтен бошотууну талап кылбайбыз. Чыныгы жабырлануучулар мамлекет тарабынан корголууга, ал эми күнөөлүү адам мыйзамдын толук күчү менен жазаланууга тийиш. Ошол эле учурда күнөөсүз адамдын текшерилбеген билдирүүнүн, формалдуу тергөөнүн же коомдук басымдын негизинде соттолушуна жол берилбеши керек.
Ушуга байланыштуу төмөнкү чараларды көрүүнү талап кылабыз:
Айыптоо өкүмү жол берилген, анык жана бири-бирин толуктаган далилдердин жыйындысына гана негизделсин.
Башка далилдер менен текшерилбеген жана олуттуу карама-каршылыктары жоюлбаган жалгыз көрсөтмө айыптоо өкүмүнүн жалгыз жана чечүүчү негизи болбосун.
Тергөөчү айыптоочу далилдер менен катар айыпталуучуну актаган жана анын жоопкерчилигин жеңилдеткен жагдайларды да милдеттүү түрдө чогултуп, текшерсин.
Сот өкүмүндө ар бир далилге өзүнчө баа берип, эмне себептен бир көрсөтмөгө ишенип, башка далилди четке какканын так жана жүйөлүү көрсөтсүн.
Жоюлбаган бардык негиздүү күмөн саноолор айыпталуучунун пайдасына чечилсин.
Кыйноо, уруп-сабоо, коркутуу же адвокатсыз сурак аркылуу алынган көрсөтмөлөр жараксыз далил деп табылсын.
Кыйноо жөнүндө билдирүүнү ошол эле тергөө органына текшертпестен, көз карандысыз орган тарабынан токтоосуз иликтөө камсыздалсын.
Камакка алуу жөнүндө чечим айыптын оордугуна же арыздын өзүнө гана эмес, конкреттүү тобокелдиктерди ырастаган фактыларга негизделсин.
Жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштар боюнча чыныгы жабырлануучунун коопсуздугу, купуялыгы жана психологиялык колдоосу камсыздалсын. Ошол эле учурда айыпталуучунун коргонуу укугу жана күнөөсүздүк презумпциясы сакталсын.
Жогорку сот далилдерди баалоо, жалгыз көрсөтмөнүн ишенимдүүлүгүн текшерүү жана кыйноо жөнүндө билдирүүлөргө укуктук баа берүү боюнча соттор үчүн милдеттүү түшүндүрмөлөрдү кабыл алсын.
Башкы прокуратура ушундай иштердин тергелишине талдоо жүргүзүп, далилдерди бурмалоо, актоочу материалдарды жашыруу жана кыйноо фактылары боюнча жоопкерчилик маселесин карасын.
Жогорку Кеңеш Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине айыптоо өкүмүнүн текшерилбеген жалгыз көрсөтмөгө негизделишине жол бербеген так кепилдиктерди киргизүү маселесин ачык талкууласын.
Биздин талап:
Чыныгы кылмышкер жазалансын!
Чыныгы жабырлануучу корголсун!
Күнөөсүз адам далилсиз камалбасын!
Өкүм эмоцияга эмес, мыйзамдуу далилдердин жыйындысына негизделсин!

25

Новости этой петиции
Поделиться этой петицией
Петиция создана 2 октября 2026 г.