Тарых предметин окуткан мугалимдерге эмне үчүн көңүл бурулбайт?

Тарых предметин окуткан мугалимдерге эмне үчүн көңүл бурулбайт?
Почему эта петиция важна
Биз, Кыргызстандын тарыхчы мугалимдери бул кайрылууну
Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичке жолдойбуз!
Урматтуу Садыр Нургожоевич, сиз жүргүзгөн реформалардын бири: мугалимдердин айлык маянасын көтөрүү, биз үчүн абдан жакшы колдоо жана стимул болду. Буга чейин мугалимдерге мамлекеттик деңгээлде мынчалык көңүл бөлүнгөн эмес. Сизге терең ыраазчылык билдирип, ишиңизге ийгилик, чың ден-соолук каалайбыз!
Мындай чоң иштин жүрүшүндө Сиздин көңүлүңүздүн сыртында калган бир маселе бар экендигин Сизге айтууга уруксат этиңиз. Тарых предмети мамлекеттин негизин түзгөн предмет катары биринчи орунда турат (турушу керек!). Анткени, "тарыхы жок эл - тамырсыз дарак" сыяктуу. Ошондуктан, күчтүү мамлекет түзүү үчүн жаш муунга патриоттук сезимин сиңирүү керек. Совет мезгилинде тарых предметине өзгөчө көңүл бурулуп, дээрлик бардык жетекчилер тарых факультетин бүткөн жарандардан даярдалгандыгы эле социалдык-гуманитардык багыттын мамлекет үчүн орду канчалык маанилүү экендигин далилдейт.
Биз, тарых предметинин мугалими кесибин тандаган кыргызстандын жарандары, бар күчүбүздү, жүрөгүбүздү, өмүрүбүздү өнүккөн Кыргызстанды түзө турган келечек муунду тарбиялоого арнаганбыз! Ушул девиз менен окуу жылы башталгандан баштап, Акыркы коңгуроого чейин мамлекетке тиешелүү бардык иш-чараларды өткөрөбүз. Мектеп жабылгандан кийин дагы Кыргызстан тарыхынан мамлекеттик экзамендерге, Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан окуучуларды даярдоо консультацияларын өткөрүп келебиз.
Сиздин 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 39 Жарлыгыңыз менен бекитилген 2021-2026-жж. Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашырууга тарых мугалимдери түздөн-түз катышабыз. Бул биздин атуулдук милдетибиз экендигине сыймыктанабыз. Анткени, биз тарых мугалимдери, мамлекеттик идеологияны жеткирүүчүлөрбүз.
Ушундай олуттуу иш-чараларды чын жүрөктөн, чыгармачылык менен талыкпастан аткарып келе жаткан, ары татаал, ары мазмуундуу тарых предметин окуткан мугалимдеринин маянасы башка предметтерге караганда аз болуп эсептеле тургандыгы бизди тынчыздандырып жатат.
Урматтуу, Садыр Нургожоевич! Албетте, чоң реформанын аткарылышына чын жүрөктөн ыраазыбыз.
Бирок, өзүбүздүн түйшүктүү эмгекти Сизге биз айтпаганда ким айтат!? Биздин үнүбүздү угуп бардык предметтердин мугалимдеринин маянасында тең салмактуулукту көзөмөлдөп, адилеттүү чечим чыгарып бересиз деп ишенебиз!
Кыргызстандын тарыхчы мугалимдери!