Эркин Кыргызстан! Свободные Граждане Кыргызстана! Требуем справедливое правосудие!

Эркин Кыргызстан! Свободные Граждане Кыргызстана! Требуем справедливое правосудие!
Почему эта петиция важна
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаровго
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасы
З.Б. Базарбековге
Элдик Курултайдын төрагасы
К.А. Кошалиевге
Коомдук, мамлекеттик, маданият ишмерлеринен
Кайрылуу
Урматтуу Садыр Нуркожоевич,
Урматтуу Замирбек Курамаевич,
Урматтуу Кадыр Амиракулович,
Өлкөбүз эгендик алган 30 жыл аралыгында элибиз бир катар кыйын күндөрдү башынан кечирди, мамлекеттүүлүгүбүздүн коопсуздугуна сырткы жана ички күчтөрдүн таасири астында бир канча жолу чоң сыноолор болду. Ал сыноолорду кеменгер элибиздин акылмандыгы, бекем ынтымагы жана уул-кыздарыбыздын мекенчил, улутчул сезими менен кабыл алган чечимдеринин жана күчтүү жарандык коомдун таасири аркасында мамлекеттүүлүгүбүздүн пайдубалы урабай сакталып келүүдө, бул кадамдарыбызга дүйнөлүк коомчулук өз баасын берип келет. Эгемен элибиздин бирден-бир байлыгы жана 30 жылдагы жетишкендиги бул сөз эркиндиги жана ачык, күчтүү жарандык коомду түзө алгандыгы, биз буга сыймыктанышыбыз керек.
Мына ошондой жарандык коомдун бирден-бир мүчөсү Айбек Бузурманкулов!
Айбек Бузурманкулов, 1983-жылы 2-декабрда Талас районунун Көк-Токой айылында туулган. Мектепте окуп жүргөн кезинен акылга зирек, коомдук иштерде активдүү болуп өзүнүн лидерлигин түптөгөн.
Билими жогорку, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын бүтүргөн. Студент кезинен өлкөбүздөгү болуп келген коомдук иштерге ар дайым активдүү катышып келет. Алсак, тарыхыбызда кара так болуп калган ҮРКҮН окуясында курман болгон ата-бабаларыбыздын көмүлбөй калган сөктөрүн жашыруу иштеринде жаш болсо дагы абдан жигердүүлүк, кайратмандык, улутка, мекенге берилгендик менен катышкан.
2005-жылы “Ак Шумкар Кут” жаштар коомдук бирикмесин түптөп, өзү теңдүү жана өзүнөн кичүү муунга улуттук баалулуктарыбызды жайылтуу жана патриоттулукка тарбиялоо багынтында өзөктүү, өрнөктүү иштерди уюштурган, Айбек баштаган иштер бүгүнкү күндө дагы улантылып келет.
Ошондой эле, бир кезде бийлик төбөлдөрү өлкөбүздү ХИПК программасына киргизебиз дегенде, Айбек жаштардын алдыңкы катарында болуп, мамлекетибиздин келечегин талкалай турган иш аракетти ойрон кылууда бекем турган. 2010-жылы К. Бакиевдин кандуу бийлигинин кулатууда атылган окко тике карап, өмүрүн тобокелген сайып каармандык менен эрдик көргөзгөн.
2007-жылы Түрк ишкери кыргыз кызынын ичегисин үзө тээп, сотторду сатып алып өлкөдөн качууга аракет кылган ишин ачыктап, түрк ишкерин жана сатылма сотту жазага тартып кыргыз кызынын укугун коргоп калууда дагы жаштардын башында болгон.
Ошондой эле, улуттук кен-байлыктарыбыздын элдин кызыкчылыгы эске алынбай, арзыбаган акча үчүн башка мамлекеттерге иштетилип жатканын терең изилдеп кен-байлыктарды коргоо үчүн орчундуу иштерди аткарып келген.
Өлкөбүздө акыйкатсыз шайлоолор болгондо, бийлик тараптан адилетсиз чечимдер кабыл алынганда ар дайым жарандык ой-пикирин тайманбай айтып келет. Маселен, 2020-жылдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодогу ыплас көрүнүштөрдү, ошол кездеги бийликтин чечкинсиздигин, адилетсиз, акыйкатсыз кадамдарын ачык айтып элүчүн адилеттүүлүк үчүн бекем турган. Ошол окуянын аркасында бийлик алмашып элибиз топ-топко бөлүнүп, саясий кырдаал курчуп турган учурда Жапаров Садыр Нуркожоевичтин айласына элди бириктирүүдө чоң салым кошо алган.
Айбектин Кемпир-Абад маселеси боюнча оюн ачык айткандыгы үчүн камакка алынышы мыйзамсыз болууда.
Милиция кызматкерлери тарабынан үйүн тинтүүгө алышкан, бирок шектүү эч кандай материал табылган эмес. Ошондой эле, Кемпир-Абад маселеси боюнча Айбек, элди дүрбөлөңгө салып, баш аламандык уюштуруу жана бийликтии басып алуу тууралуу эч бир жерде, эч кандай чакырык таштаган эмес. Мекендин жери башка мамлекетке берилип жатканда ар бир жаран өз пикирин билдиргендей эле, Айбек дагы жарандык милдети катары, өз пикирин билдирген. Мекени үчүн орчундуу маселе козголуп жатканда ой-пикирин билдирбөө өзү кайдыгерлик жана наадандык болуп калаарын ар бир кыргыз жараны түшүнөт. Кемпир-Абад маселеси боюнча чогулуштарда ой пикирин билдирүүдө Конституциядан чыккан эмес.
Айбек Бузурманкуловго козголгон кылмыш-ишине акыйкат баа берилип, адилет чечим чыгышына ишеним артабыз. Айбек тергөө ишинен эч качан качпайт жана өлкө ичинен эч жака кетпейт, керек болсо үй-камагына чыгарып дагы тергөө ишин улантса болот. Анткени Айбек көп балалуу (5 баласы, анын экөө эгиз 2 жашта), жубайынын ден-соолугу дагы начар.