Баткен шаарынын мэриясына жана мэрине жаштар тарабынан коюлган талаптар.
Баткен шаарынын мэриясына жана мэрине жаштар тарабынан коюлган талаптар.
Создано
16 августа 2022 г.
Подписей: 8Следующая цель: 10
Подписать
Почему эта петиция важна
Автор: Рысбек Ысманов
Баткен шаарынын мэриясына жана мэрине жаштар тарабынан коюлган талаптар.
Талаптарды коюу менен биргеликте Баткен шаарынын тургундарынан жана жаштардан онлайн кол топтолуп тиешелүү жерлерге жөнөтүлөт.
Баткен шаарындагы төмөнкү маселелерди чечип берүүңүздөрдү суранабыз:
- Шаарыбыздагы негизги көйгөйлөрдүн бири даараткананын жоктугу. Коомдук жайларда замандын талабына ылайыкташтырылган даараткана курулсун.
- Таштанды маселесин чечип берүүңүздөрдү суранабыз. Ар бир көчөнүн башына таштанды бактары коюлсун. Айрыкча кафе, ресторан, дүкөн жана базардын алдына. Колдон келсе жер астына орнотулган, экологиянын нормаларына жооп берген таштанды бактары курулсун.
- Таза суу маселеси чечилсин. Шаардыктар сууну ташып ичишет. Өнүккөн заманда, болгондо да облустун борборунда чака менен суу ташып ичүү уят маселе.
- Унаа токтотуучу жайлар иретке келтирилсин. Мүмкүнчүлүк болсо инвесторлордун жардамы менен заманбап унаа токтотуучу жайлар курулсун.
- Шаардын көркүн бузган мыйзамсыз курулуштар бузулсун.
- Көрктөндүрүү маселеси чечилсин. Эс алуучу бактарга жана коомдук жайларга гүлдөр отургузулсун.
- Көп жерлерге маршруттук каттамдар жок. Маршруттук каттамдар ачылсын.
- Жарыктандыруу маселеси чечилсин. Эс алуучу жайларда (сейил бак) жана коомдук жайлар жарыктандырылсын.
- Коопсуздук маселеси, коомдук жайларга видеокамералар орнотулсун.
- Көп кабаттуу үйлөрдүн коопсуздугу сакталып, домофондор орнотулсун жана жаш балдар үчүн оюн аянтчалары курулсун.
Подписать
Подписей: 8Следующая цель: 10
Подписать